www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин жыйынында президенттин ЖКдагы өкүлү Анарбек Калматов менен депутат Мирлан Жээнчороев айтыша кетти.

Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен шайлоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып бүткөндөн кийин Калматов сөз алды.

«Жаңы Конституциянын долбоору жактырылса, азыркы мыйзамдар өзгөртүлөт. Кечээ эле президент шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, эртең шайлоо мыйзамдары боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болот. Мамлекет башчынын өкүлү катары жекече оюм, президенттин жарлыгын сыйлап, уруксат берсеңиздер ошондон кийин бул мыйзам долбоорун жакшылап талкуулап алып чыксаңыздар жакшы болот эле деген оюмду айтып жатам», — деди Калматов.

Ага демилгечи депутат Алтынбек Сулайманов жооп берип, бул мыйзам долбоору ал жарлыкка таасир этпей турганын айтты.

Анда Калматов «шашылбай, поезддин алдында чуркабай эле карасаңыздар. Президенттин жарлыгын сыйлап коёлу деген эле сөз болуп жатат» деп кайрылды.

Мындан улам Жээнчороев микрофонго чыгып, президенттин өкүлүн жеке оюн айтып, депутаттарга шек келтирбей сүйлөөгө чакырды.

«Сиз өкүл катары президенттин позициясын так айтсаңыз, эгер юрист катары эксперттик оюңуз болсо бул жерде айтууга укугуңуз жок. «Мындай кылбагыла, депутаттар поезддин астында чуркабагыла» деп айтпаңыз. Бүгүн талкууланып бүткөн мыйзам долбоорун «алып койгула, карабагыла» деген мааниде айтып жатасыз. Аныңыз бир аз туура эмес болуп калды. Эксперттик оюңузду бул залдан тышкары айтыңыз», — деди Жээнчороев.

Президенттин өкүлү депутаттын сөзүн акыл үйрөтүү катары кабылдап жооп кайтарды.

«Кечирип коюңуз, сиз мага үйрөтпөңүз, макулбу?! Колумда президенттин жарлыгы турат, ошону гана айтып койдум. Эксперттик кылганым жок. Мен башында кечирим сурадым, ишиңиздерге кийлигише албайм деп да айттым», — деди Калматов.

Андан соң Жээнчороев төрага Талант Мамытовго кайрылып, президенттин өкүлүн залдан чыгарып салууну сунуштады. Аны менен катар өзүм билемдик кылбай, депутаттарды сыйлап иштешин талап кылды.

«Мени чыгарып коё турган сиз эмессиз, оозуңузга карап сүйлөңүз», — деп кекетти Калматов.

Акырында спикер эки тарапты жайгарып, жыйында депутаттар оюн айтып жатканын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости