www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген 2019-жылдан 2021-жылдын март айына чейин 2 миллион 216 миң ирет жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен ичинен 1 млн. 440 миңдей учур боюнча айып пулдар төлөндү. Башкача айтканда айдоочулардан жалпысынан 1 млрд. 575 млн. сомдон ашык каражат мамлекеттик бюджетке түштү.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын (ЖКККББ) Мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова маалымдады.

Коомдук кеңештин жыйынында ЖКККББ 2020-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Ага ылайык өткөн жылы Бишкек шаарында 2183 жол кырсыгы катталып, 72 адам каза болуп, 2860ы жабыркаган.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган. Жолго, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видео байкоо камералары орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды.

Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясы жеңүүчү аталган. Экинчи бөлүк жети облусту, эки ири шаарды, 15 кичи шаарды жана 73 калк жашаган аймакты камтыйт. Жалпысынан 306 аппарат орнотулат. Курулуш-монтаждоо иштери 2020-жылдын август айында башталган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости