www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 1993-жылдан бери жапайы жана поливирустар каттала элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Тажикстанда балдардын шал (полиомиелит) оорусу чыкканын жарыялаган. Уюмдун адистери абалды экинчи деңгээлдеги өзгөчө кырдаал катары баалашкан.

КРдин Саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагына экинчи типтеги поливирусту киргизбөө боюнча тийиштүү чаралардын бардыгы көрүлүп жатканын билдиришти.

Министрлик Кыргызстанда 1993-жылдан бери поливирус жок экенин, 2002-жылдан тарта республиканын «Полиомиелиттен эркин өлкө» сертификаты бар экенин эскертти.

Полиомиелит менен көбүнчө балдар ооруйт. Оору борбордук нерв системасын, жүлүндү жабыркатат. Эгер өтүшүп кетсе баланы шал кылып коёт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости