www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл өкүлдөрүнүн кайсы бир кылыгын айталы. Алардын кы­лык-жоругуна «мен уялбай» эле аларды шайлаган бүт Кыргыз­стан уялып бүтмөй болду. Эми кечээ жакында эле Икрамов Та­забек дегени өзүнүн айланасын­дагы жосунсуз жоруктан уялбай, башкаларды уяткарып кирсе бо­лобу. «Уруш кайдан чыкты, атаң­дын башынан чыкты» дегендей эле болду.

20-сентябрь күнү Биш­кектин чок ортосунан терезеле­ринин баары караңгылатылган даңкайган Lexus LX 570 (мамле­кеттик номери 02KG 570 AAA) унаасынын жол инспекторлору токтотуп, алар өздөрүнүн кыз­маттык ишин аткарып киргенде ортодон жол тандабастын айдоо­чусу менен пикир келишпестик чыгып, ал окуяга күбө болгон андагы инцидентти телефонуна тартып кирет. Ошол учурда жол тандабастын айдоочусу жана анын жанындагы шакирти жур­налистин (мойнунда илинген «Sputnik агенттигинин кабарчы­сы» деген бейджигине карабай) анын телефонун тартып алышат, телефон ошол жердеги жол кыз­маткерлеринин кийлигишүүсү менен гана кайра кайрылып бе­рилет. Бул жерде жол инспек­торлоруда, ага күбө болгон жур­налист дагы мыйзам боюнча өз иштерин туптуура аткарышкан. Ошентип, ал аппапак Лек­сустун сомо­дой болгон ай­доочулары менен жол кызматкелери ары-бери тартышып жатып акыры ал жол тандабас айып аянтчасына киргизилет. Ошентсе да бул суроо ачык бой­дон калды. Дегенибиз, Тзабек Икрамовдун айдоочусуна мый­замсыз күңүрттөө үчүн гана ай­ып пул салынып, терезелерин күңгүртөтүп алганы боюнча уруксат берилгендиги тууралуу жооп алууга мүмкүнчүлүк бол­боду. Жогорку Кеңештин депута­ты Тазабек Икрамов болсо ошол эле Sputnik маалымат агенти­гинин журналисттерине анын айдоочусунун терезени күңүрт­төөгө уруксаты бар экендигин билдирип атат. Ал эми жол кы­зматкерлери болсо андай доку­менттин бар экендигин жокко чыгарышууда. Негизи, мый­замда көрсөтүлгөн боюнча Кы­ргызстанда алдыңкы каптал те­резелерди жана маңдайдагы те­резени күңүрттөөгө уруксат жок. Андайга 2016-жылы эле тыюу салынган. Кээ бир жогорку кы­змат адамдарына гана уруксат берилген, бирок алардын ката­рына депутаттар кирбейт. Те­резелерин күңүрттөтүүгө укугу барлар: Президент, Премьер-ми­нистр, Жогорку Кеңештин спикери жана Жогор­ку соттун төрагасы. Андан сырткары, КР УКМКнын 9- кызматы транс­порт каражат­тарынын тере­зелерин күңүрт­төп жүрүүгө укугу бар жана жогоруда аталган адамдарды коштоп жүрүүчүлөр га­на күңүрттөй алат. Ошон­дой эле, атайын кызматтын транспорт каражаттары камак­ка алынган адамдарды, соттол­гондорду жана инкассацияны ташуучуларды күңүрттөөгө мый­зам уруксат берет.

Анан жекшемби күнү Sputnik агенттигинин кабарчысы ЖК депутаты Тазабек Икрамовдон анын айдоочусуна байланыш­кан чуу боюнча кандай жыйын­тык чыкканын угуу үчүн телефон чалса, «уурусу күч болсо ээси до­ого жыгылат» болуп жол инспек­торлоруна атырылып, алардын бирөөсүн жулкулдатканга чейин барган тартипсиз айдоочусунун кетирген катасы үчүн кечирим суроонун ордуна кайра журна­листи «келесоо» деп урушуп ат­пайбы. Мыйзам жазган адам өзү минтип мыйзамсыз аракет­ке барып жатса анан депутат аттуулар жакшы сөз укмак бе­ле элден? Эл өкүлдөрүнө болгон элдин кыжыры ансыз деле апо­гейине жетип турганда бул окуя ого бетер аларга карата жагым­сыз маанайды жаратты. Мындай өзүм билемдиктер менен манап мамилелер тыйылбаса андай нерсенин акыры жакшы нерсе менен бүтпөйт. Деги эле Тазабек Икрамов деген ким өзү? Афто­биографиясын аңтарып көрдүк, 44 жаштагы жигит. 1974 –жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда туулганы ай­тылат.

1996-жылы Кыргыз мам­лекеттик дене тарбия инсти­тутун, арадан 14 жыл өткөн­дөн кийин Кыргыз мамлекет­тик юридикалык академиясын юрист деген дипломун алганы жазылыптыр. 1998-жылы Жа­лал-Абадда физкультура саба­гынан мугалим болуп иштеп, 2000-жылдан 2007-жылга чейин жеке ишерлик менен алектенип, 2010-2011-жылдары Кытайда КРнын соода-өндүрүш палата­сынын өкүлү, 2011-2012-жылы­дары Ош менен Жалал-Абад ша­арларын калыбына келтирүү Мамлекеттик дирекциясы­нын генералдык директорунун кеңешчиси болуптур. 2015-жыл­дан тарта Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Өнүгүү — Прогресс» партиясы аркылуу де­путат болуп келген экен.

Депутат демекчи, ошол де­путаттык мөөнөтүндө Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар эл ме­нен жолугушуу үчүн аймактар­га барганда аларга ким келге­нин билбей жатканын жана эл өкүлдөрү жолдо баратканда эч ким тоскоолдук кылбашы ке­ректигин айтып, «Биз аймакка чыкканда эл депутаттын келге­нин билип, көбүрөөк чогулушу үчүн жана жолдо бара жатканда депутатка тоскоолдуктар бол­бошу үчүн мурдагы КG номер­лерди кайтаруу керек болуп жа­тат. Мейли кызматтык унааны кайтарбай эле коелу. Бирок КG номерлер керек», — деп масе­ле көтөргөн. Анын бул айтка­нын уккан коомчулук «депутат КG номери менен эмес, иши ме­нен таанылсын» деген маанай­дагы пикирлер жамгырдай тө­гүп, көпчүлүктүн катуу сынына калган жайы бар. Ал эми кечээ­ги ошол журналист менен боло­гон баарлашууда «менин канча машинам бар экенин билесиң­би?!» деп кекетип атпайбы. Жур­налист анын канча унаасы бер экенинен кайдан билсин. Бирок ошол эле мыйзамдын алкагында карасак анын мамлекеттик жо­горку кызматтагы адам катары милдеттүү түрдө 2016-жылда­гы көрсөтеөн декларациясында өзүнүн да, жакын туугандары­нын да унаасы жок экени маа­лымдалган. (Ал эми 2017-жыл­га карата декларация азырынча жарыялана элек) Кыскасы жа­гымсыз эле иш болду. Кыскасы, бир кездеги ИИМдин министри, учурда Жогорку Кеңештин депу­таты генерал Зарылбек Рысали­ев айткандай «азыркы парламен­тин айрымдарын сурак-жоопуз эле тамга такап туруп атып эле салчу» парламент болду го?

Булак: "Айгай"

 

Последние новости