www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө А.Сыдыков айыл аймагындагы 32,6 гектар жайыт жер мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталды.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, 2011-жылы аталган жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жайыт жерлер категориясынан башка категорияга которулуп, мыйзамда каралган аукцион өткөрүлбөстөн жеке менчикке өткөрүлүп берилген.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 459 миллион 84 миң сомду түзгөн 32,6 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Учурда прокуратура органдары жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо багытында тиешелүү иштерди улантып жатканы белгиленди.

Последние новости