www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эрдиги бар, эси жок» деп эпосто Манасты сүрөттөшчү. Учурда бул кеп Камчыбек Ташиевге тийүүдө.

Себеби бар экен. Камчыке тарыхка из салып, элге кызмат кылууга жан үрөп, колдон келишинче аракет көрүүдө. Ал майда сөздөн улам жаманатты болуп жатканына да кайыл, бирок, бийликтин каары анын жүрөгүнө сокку болуп тийди...

Алгач Садыр Жапаровдун дайындоолоруна каршы турду. Телефондон урушту. Ошол Нариман Түлеев, Бакыт Сыдыковдор боюнча чатак башталган. Аларга Ташиев караманча каршылыгын көрсөтүп, «элге жаман көрүнөбүз» деп кыжалат болду.

Андан соң ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков менен УКМКнын орун басары Таалай Жапаровго ичи чыкпай, уруш кайра күчөдү.

Көрсө, баатырдын сүрү күчтүү, жандүйнөсү назик тура. Камчыбек Ташиевдин жүрөгү кармап, аз жерден калды... Ошондон кийин эки достун мамилеси сууп калыптыр. Камчыке оппозицияга кетүүгө деле кайыл экен.

«Саткынчы болуп калбаймынбы?» деген санаркоо менен жашап жатыптыр...
Айтор, биз билбеген чатактар эки достун ортосунда курчуп жатканын айланасы эле божурашууда.

Дагы көп маалыматтар түшүүдө, биз аларды тизмектеп, кийинки санга кечиктирбей чыгарабыз.

Булак: "Азия News" гезити 

Последние новости