www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Далы менен кыргызча төлгө тарткан, белгилүү төлгөчү «Март жана апрель революциясынын Баатыры» Кайып Шер менен маек.

- Качан революция болсо башында жүрөсүң. Күзүндө болгон бийлик алмашууда Атамбаевдин уулдары Ак үйдүн алдына митингге чыкканда, аларды кетирүүгө эч ким даай албай, сен барып аларды кубалап чыкканың чынбы?

- Атамбаевдин зордук-зомбулугу бүтүп, эми балдарынын зордук-зомбулугун көрөлүбү? Атамбаевдин акчасына көпкөндөр элден өзгөчөлөнүп өз алдынча каста түзүп алган. Акча азгырып турса, «фас» деп айдактап койсо, кимге болсо да жулунат да. Аларга ким даай алат, мен болсо «Апрель баатыры» медалын бийликке тапшырып салгам. Атамбаевге көз каранды эмесмин.

- Атамбаевдин башка президенттер менен айырмасы кандай?

- Акаев менен Бакиев чет мамлекетке кетишкен. Ошол бойдон бийликке тийишкен жок. Отунбаева менен Жээнбековдор президенттик бийликтен кетишкен соң унчукпай калышты. Жалгыз гана өзү соттолуп жатканы аз келгенсип, балдарын кошо айдактаган Атамбаев тынчыбай койду. Акаевге эркиндик, демократия бардыгы колуна берилген. Ал өз жакындарын гана алтынга бөлөп, элди «тегирменге» салып берди. Осмонакун Ибраимов сыяктуулар маалыматтан мактап, жактап жатышканы менен анын жубайы, уулу Айдар, күйөө баласы Тойгонбаев «кылгылыкты кылышып» кыргыз элин кебез менен мууздашып жакырчылыкка айдап барышты.

- 2005-жылы 24-мартта Акаевдин бийлиги кулатылганда кандай окуяларга күбө болдуң?

- Кызык айтып берейин. Ак үйдү алып иш кабинеттерине кирсек, кайсы кабинетинде болбосун коньяк, вискини бөтөлкөлөрү, анан презервативдер жайнайт. Булар иш кылды беле, же көңүл ачып эле отурушту беле деген ой кетет экен.

- Ошол кезде Руслан Шаботоев Ак үйгө комендант болуп, сен биринчи кабатты көзөмөлдөп калгансың. Акаевдин пресс-катчысы Абдил Сегизбаевди балдар сабап жатканда сен ажыратып калды деп уктум эле?

- Абдил Сегизбаевди өлтүрүп коюшмак, ким жооп берет эле. Аны сабап жатып элге каршы атыла турган курал-жарактар каякта катылып жатканын билип, бекем көзөмөлдүккө алганбыз. 

- 2010-жылы БЭКти бийликке алып келиш үчүн «Форумдун» жанынан коопсуздук кызматкерлеринин куралдарын тартып алып Ак үйгө каршы аттандыңар...

- НПОчу Токтайым Үмөталиева ажылдап өз пикирин айтты, мен Ак үйгө аттаналы дедим. Жок жерден Ак үйгө жеткиче элдин карааны көбөйдү. Көрсө бул мурун сценарийи түзүлүп даярдалган спектакль тура. Кимдир бирөөлөргө бийлик алып бериш үчүн канчалаган адамдар курман болду. Жаңылыштыктар да болду. Өлгөндөрдүн санын көбөйтүш үчүн Максымбеков сыяктуу тирүү жүргөндөрдү кошту, мародерчулук кылам деп супермаркеттерден атылгандарды кошту. Чын эле жакшы заман орнойт экен деп ишенип бийликти алмаштырганбыз. Мунун пайдасын ар кимдин үйүн тоногон мародерчулар, Мискенбаев сыяктуу бийликтин «ооз чайкарлары» көрдү. Кийин ишеничтен кайтып «Апрель баатыры» медалын бийликке өткөзүп бердим. Бизге эмне бир калайды беримиш болуп, өздөрү «Манас» ордендерине кол салышты. Бекназаров гана элдин каргышына калбайын деп, бул орденди алган жок. Чындыгында, Бакиевдин бийлигине каршы чыкканыма өкүнөм.

-Бийлик алмаштырам дегендер камалып жатса, Москвага барып, бийлик алмаштыруу операциясына даярдык көрүп  келген Темир Сариев келер менен элге барбай, Ак үйгө барып андагы премьер-министр Данияр Үсөновго жолугуптур...

- Темир Сариев «Оштуктар сасыбай кеткиле» деп Сокулук, Чүйдөн кубалаган накта трайбалист болгон. 2009-жылдагы президенттик шайлоодо элдин көбү добушту Бакиевге салган. Темир Сариев 8 пайыз добуш алып Атамбаевден өйдө болдум деп бул бийликти алам деп калган. Эл бийликти алмаштыруу үчүн тытынып жатса, Темир Сариев бийлик башына жетиш үчүн Москва, Данияр Үсөнов менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан.Бийлик алмаша турган болгондо, мас абалында элге келиптир. КАМАЗдын үстүнө араң чыгып сүйлөйүн деди эле, кубалап жибердик.

- 2013-жылы ноябрда жалган жалаалар менен депутат Ахматбек Келдибеков камалды. Ал кезде Мелис Мырзакматов мэр болгон Ош толкуп турду. Ошол кезде «Апрель баатыры» медалын бийликке тапшырып, сен кыргызча далы менен Атамбаевге төлгө ачтың эле, төлгөң дал түштү.

- Баатырлар илгери үмүт менен жасаган 7-апрелди, «каапырлар» какшытып кетти. Атамбаев дөгүрсүп бийлик башында туруп эч кимди тоготпой калган. Тогуз ай жалган айып менен Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов камалып, Курманкул Зулушевдин эр жүрөктүүлүгүнөн капастан бошотулган. 2013-жылы ноябрда жалган жалаалар менен депутат Ахматбек Келдибеков камалды. Ушундай оор кырдаалдарда Атамбаевдин колунан сый көрүп, айлык алып «Апрель баатыры» болуш уят эмеспи деп, мен «Апрель баатырын» тапшырып, Атамбаевге төлгө ачканым ырас. Далы менен кыргыз эли илгертен төлгө ачып келатат, мунун сырлары көп, ата-бабадан калган бул ыйык салтты мен да колдонуп жүрөм. Далыдан төлгө тартканда Атамбаевди замбилге салып көтөрүп баратыптыр, бул Атамбаевдин бийлиги жаман, кан менен аяктарын түшүндүргөн. Бул аянды жолдош-жоролорума айткам.

- Сен Атамбаев үчүн эмес, өлкөнүн оңолушу үчүн революция жасагансың. Өткөн он жыл көп нерсени ойлонтот. Атамбаев Путин сыяктуу досторум көп дечү эле?

- Атамбаев өлкөнү оңдойт деп ишенип бийликке алып келгенбиз, бийликти калкаламак түгүл, талкалап кетти. Атамбаев 2019-жылдын августунда камалган боюнча аны бары унутту. Ал эмес орусиялык досу Бельянинов да. Атамбаев СИЗОдо жатып ооруп, мурун абакта Атамбаевдин азабын нечен ирет тартканына карабастан УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев  кайрымдуулук кылып, жаңы жыл алдында  № 47 колонияга которгон. Ошол жерден даң салып, Текебаев бул жерде бөлмөсүнө жашынып отурчу экен, мен ачык эле жүрөм деп көкүрөгүн чаба баштабадыбы. Атамбаевдин байлыгы жакшылыкка алып барбайт, бийлик болсо эми кайтпайт.

Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости