www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 6-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралат.

Парламенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, долбоорду талкуулоого Экономика жана финансы министринин орун басары, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси чакырылган.

Документтин авторлору - Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков.

Эки депутаттын демилгеси боюнча, «Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонгон. Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага Кыргызстандын жарандары киргизилбейт. Долбоор кабыл алынса бул мыйзам өлкөнүн башка аймактарында иштебейт. Авторлор Ысык-Көлдө кумар оюндарына уруксат берилсе жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке киреше түшөт деп эсептешет.

Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы, ал эми тотализатор менен букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы себеп болгон

Булак: NazarNews.kg

Последние новости