www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов «Азиямоллу» менен пулдайбы же зуулдайбы?

Бабанов Атамбаев абиси менен тытыша кетип, убагында кылмыш иши козголуп Москвага кире качып, кыргыз бийлигинен жашынып жүргөн. Жээнбековдун убагында желип-жортуп Бишкекке келиш үчүн соцтармактарда өзүн катуу пиар кылган. Бирок жолу тосулгандыктан мекенине келе албай эки көзү төрт болуп, жалдырап Москвада жүрдү. Кудайдан болуп Атамбаев Кой-Таш Элдик республикасын түзө калып, Кыргызстанда чыр болуп жаткандан пайдаланып, куйтуңдап кирип келди. Кээ бир саясий серепчилердин айтымында «Азиямоллду» кимдир бирөөлөргө оозантып балээден кутулса керек. Учурда бийлик тарабынан экономикалык мунапыстар берилип жатат, Бабанов муну колдонобу же бийлик «креслосуна» зуулдайбы убакыт көрсөтөт.

 Котур ташын койнуна салып жүргөн Бабанов бийликтин башына күн түшүп турганда ээликти. Өзүн куугунтукка алып, кийин камалып кеткен абиси Атамбаевди ракеталык тездик менен камактан чыгарып бийликти басып алуу үчүн Садыр Жапаровго каршы кутумдарды ойлоп, Ак үйгө умтулуп кирип келгенин элдин бары жакшы билет. Бирок Садыр Жапаровду колдогон эл аны «тайгандан качкан коёндой» кылып кууп чыккан. Садыр Жапаровго күч толоор менен анын колтугуна кире калып жан досу Руслан Казакбаевди Тышкы иштер министри кылып култуңдап жатканы менен, «котур ташы» али койнунда. Жакында президенттик шайлоого аттанабыз. Мындай кырдаалды Бабанов да бош кетирбейт. 2017-жылы Атамбаевди башмалдырык аттырып жибере жаздаган Бабанов оюнда  Садыр Жапаровду чемирчкедей чагам деп турат. Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун негизги атаандаштары Өмүрбек Бабанов менен Адахам Мадумаров болору белгилүү. Азыркы мезгилде соцтармактарды эл көбүрөөк колдоно баштады. Акыркы бийлик алмашууда да соцтармактардын таасири зор болду деп Орусия серепчилери айтып жатышат. Бул үчөөнүн тең соцтармактарда колдогон адамдары көп, ошол үчүн таймаш катуу болчудай.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости