www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соцтармактарда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун медайымынын социалдык тармагындагы жазышуусу талкуу болуп жаткан учур. Жазышууну Facebook колдонуучусу Анара Касымбекова жарыялап, билдирүү калтырды.

«Бүгүн мен Жал ооруканасында иштеген медайымдын таанышынын өтүнүчү боюнча пост жазгым келип жатат. Ал өзү жаза да, айта да албайт, коркот. Айтыңызчы, кадимки медайым ага ошол акча берилиши керектигин же жоктугун кантип аныктай алат?”, - деген ою менен бөлүшкөн.

Ал анонимдүү медайым менен кат алышууну кошо тиркеген. “Мен максималдуу репост сурайм, мүмкүн болушунча көп адамдар көрүшсүн. Элестеткиле, Өмүрбек Бабановдун Эне жана баланы коргоо борборуна дарыгерлерге, медайымдарга деп которгон акчасын биздин администрация, профсоюз комитетинин башчысы жана бөлүм башчысы өз ара бөлүшүп алышыптыр”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бул боюнча, Кыргызстан коммерциялык банкынын өкүлү төмөнкүлөрдү билдирди:

“Бул уюмдардын бардыгына COVID менен ооругандарды дарылап жаткан кызматкерлердин тизмелерин берүү өтүнүчү менен расмий кат жөнөтүлгөн (бардык ооруканаларга эмес), жана биз алардан расмий жоопторду жана тизмелерди алдык. Тактап айтканда, Эне жана баланы коргоо борбору 125 адамдын тизмесин берген, аларга 895,000 сом которулган. Бардык эсептер текшерилген, алар кызматкерлерге, анын ичинде санитарларга, медайымдарга, лаборанттарга, дарыгерлерге таандык болгон жана акчалар Бабанов Өмүрбек Токтогуловичтин эсебинен чегерилген. Тилекке каршы, биз бул тизмелердин кантип түзүлгөнүн көзөмөлдөй албайбыз.”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости