www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Октябрь төңкөрүшүндө борбордук аянттан чала-була таяк жеп, качып кеткени эсибизде. Кийин камалып да чыкты. Оңго-солго “кусканы” да айтылып.
Ошондон бери кеги ичинде калып, бийликке келүү үчүн бука моюн, буура сан, ашынган жигиттердин кереги тийерин ойлоп, оюн кылган кербезиби?
Криминалдык чөйрөдөгү жердештерине жашыруун түрдө жардам берип багып атса, алардын күчүн пайдаланууну максат кылдыбы? Бул боюнча тар чөйрөдө кеп козуп, Бабановдун балакеттүү жүрүштөрүнө тиш кайраган каршылаштар ойлонуп жатышкандай...
Кол ийрисине тарткан саясаты менен ийгиликке жетүүгө кызыкканы, тырышканы ишке ашчудайбы?
Ал соңку убакта бизнес менен гана алектенбей, өз ара таң ашып, жакын санаалаш саясатчылары, спортчу жигиттери менен да акылдашып, тымызын күрөш баштаганы ачыкталабы?
Эгерде тизгинин тартпай, алдыга озуна берсе, көмүскөдө тынч жаткан күчтөр менен кагылышып калбайбы? Кимдер экенин өзү билсе керек... Бул жагы коомчулукка бүдөмүк тартып тургандай.
Сыягы, эки тараптан тең “түнкү жортуулдарга” жол салынып калбайбы? Кандай “жел” жүрүп жатканын Бабанов сезип атат, чын эле духу көтөрүлүп кеткенби? Таңгалычтуу.
Булак: Азия News гезти