www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекетик Думанын спикери Вячеслав Володин ЛГБТны пропаганда кылууга тыюу салган мыйзамды бузгандарга кандай жоопкерчилик караларынн айтты. Бул туурасында ал Telegram каналына жазды.

Төраганын билдиргенине караганда, депутаттар адаттан тышкары багыттагы жыныстык мамилелерге тыюу салган мыйзам долбоорун 27-октябрда карамай болушту.

"Келерки бейшембиде тиешелүү мыйзам долбоорун кароо чечими кабыл алынды. ЖМКларда, интернетте, кинодо, жарнамада төмөнкүлөр тыюу салынат: ЛГБТны, педофилияны пропагандалоо, ЛГБТны элге жар салып көрсөтүү жана жынысын алмаштырууну каалоосун ойготкон маалыматтар. Биз Орусияны жана жарандарыбызды деградация жана тукум курут болуудан сакташыбыз керек. АКШ жана Европа мамлекеттери тарабынан каптаган караңгылыктан коргошубуз зарыл", — деп жазган парламентарий.

Анын айтымына караганда, ЛГБТ боюнча мыйзам долбоору ийгиликтүү кабыл алынса Орусиянын аймагында айып пул салынат. Жеке тараптар 800 миң рублге, юридикалык тараптар 10 миллион рублге чейин айыпка жыгылат.

Последние новости