www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр президенттик шайлоонун астында Казакстанга чабагандап, жол башчысы Өмүрбек Бабановдун оң колуна айланган ЖК депутаты Фархад Иминовдун карааны Чехиянын борбору Прагадан чалдыкты. Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, Иминов Бабанов менен биргеликте ал жактагы уйгур диаспорасынын жыйынына катышты дейт. Ага катышпаган соң кандай маселелер талкууланганын так кесе айта албайбыз.

Ошентсе да, Кыргызстандагы ири ишкерлердин бири, дагы бир экс-депутаттын “мини курултайга” катышканы көп нерседен кабар бербейби? Анын үстүнө, Ф.Иминов бөлөк өлкөнүн жараны болгондуктан жакынкы аралыкта депутаттык мандатынан ажыратылаары күтүлүүдө. Натыйжада ал дагы Бабановго кошуна болуудан бөлөк аргасы калбайт.

Же жөн гана адатынча Кытайдагы эшек бизнесин улантабы? Өмүрбек Токтогуловичтин “кара чычканы” бар экендиги өткөн жылдагы ажо жарыштан кийин билинди. Ага чапкенедей жабышып, “премьер-министр” боло калган Бакыт Төрөбаев саясый банкротко учураса, Канатбек Исаев темир тордо отуру. Фархад Иминов Европада “саякаттап” жүрү. Тизме муну менен эле токтоп калбаса керек. Анда эмки кезек кимде?

Булак: "Багыт.кж"

Последние новости