www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

   Бабанов Москванын айласын таба албай

Президент болчу талапкерлердин арасында номур биринчи аталып жүргөн Өмүрбек Бабановдун акыркы кездери айласы катуу куруп баратат. Гезит, теледен 80 пайыз эл Бабановду колдойт деп урдурганы менен чындыгында анысы терс пикирди жаратып жатат. Өзү болсо президент мага ставка коюп калышы мүмкүн деген үмүт менен жүрдү эле, анысы таш капты.

Москвага тез-тез каттап, ал жактан колдоо күткөнгө катуу аракетин жасап жатканы, бул жактан болбосо, чет жактан болуп калаар деген аракетиби? Кремлдин таасирдүү адамдарына кире албай, Ельциндин аялын ортого салып жатканы таасиринин жоктугубу? Кремлде маселе чече алган адамдарга кире албай, ал жактагы “жөөттөргө” жолугуп кайтканы чындыкпы?

Орустардын чоң фигураларына түз алып кирүүчү бул жактагы адамдарга өзүнүн адамдарын жөнөтүп, киргизип эле койгону үчүн миллион долларды аябай турганы калппы? Булар калп десе Өмүрбек өзүнүн Москвага бат-бат каттап жатканы, ал жакта кимдер менен жолукканы тууралуу элге ачык айтып бере алабы?

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости