www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 13-октябрда КР Премьер-министрлик кызматына бир жумада үчүнчү жолу талапкер болуп бара жаткан Садыр Жапаровго жолуккан “Республика” партиясынын кожоюну Өмүрбек Бабанов мындан ары анын партиясы Жапаровду колдоп, кызматташарын убада кылып, акысына кан досу Руслан Казакбаевге Тышкы иштер министри кызматын сурап алган. Бул тууралу KyrgyzToday.kg сайтына өздүк булактар билдирген.

Ал эми “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев өз кызматташуусунун акысына кан досу Алымкадыр Бейшеналиевге Саламаттыкты сактоо министри кызматын сураган.

“Чоң казат” партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев кан досу Максат Мамыткановго КР өкмөтүнүн вице-премьери кызматын олжолоп алган.Бүгүн өкмөт үйүнүн алдындагы Жапаровдун тарапкерлеринин митингинде Сыймык Жапыкеев жалындуу сөздөрдү сүйлөп турду.

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кылмыш ишинен сот тарабынан толук акталуусун жана саясатка кайтып келүү шарты менен Садыр Жапаровду колдоого макул болушкан. Бүгүн парламенттин жыйынына “Ата-Мекен” партиясы дээрлик толугу менен жана Жапаровду активдүү колдоо менен катышышты. Алтургай Текебаев Жапаровду колдогон билдирүү таратты, - деп кошумчалаган аталган сайт.

Последние новости