www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баары адилетсиздиктен башталды. Бирок бир адилетсиздикти жок кылам дегендер, башка жолго кетип жаткан жокпу. Бирөөнүн укугу бузулган жерде, башкалардын укугу да бузулат. Таза өтпөгөн шайлоо бүт КРны артка тартты. Дегеле шайлоого катышпаган, өз тиричилигинен башканы билбеген жарандарыбыз бар. Буга өткөн шайлоо далил. КРнын 45 процент жарандары катышкан жок шайлоого.
Митинг, талаптарды коюу бул ар бир жарандын конституциялык укугу. Ага баары макул. Бирок, ошол эле учурда митингдер көптөгөн жай адамдардын укугун бузуп жатат. Албетте, митингдер жыргагандан болбойт. Буга макулбуз. Талаптар аткарылды негизинен.
Эми үйгө тарасак кантет туугандар. Кыргыз эли чакан элебиз. Сураштырып келсек баары эле тууган, тааныш чыгат. Көпчүлүк жыйналган жер ар дайым кооптуу. Көпчүлүктүн арасында ар дайым кара ниеттер болот. Көпчүлүк массовый психозго, гипноз абалына да туш келип калышат кээде. Бул дүйнөлүк практика. Кылымдар бою политехнологдор тарабынан “оттачивать этилип, апробациядан” өткөн. Мына, Жапаров толук кандуу ПМ болду. Өз өкмөтүн түздү. Иштесин, Ийгилик.
Аянттан тартылган бир видеону көрдүм. Абал чатак. Жапаровду деле укпай калышыптыр. Кеч боло электе элди таратыш керек. Күч менен эч ким тарата албайт. Туугандары, тааныштары, достору айтышсын. Баарыбыз айталы. Талаптар түгөнмөк беле. Улам жаңыларын ойлоп таба беришет. Жай турмушка келели. Таксырлар силер айткыла. Ковидди ойлоп коелучу. Мейли жаштар оорубайт экен. Бирок алардын жакындары бар.
Эч кандай бийлик, эч кандай персоналар бизге идеал, же душмандык алып келбеши керек. Качан гана биз, баарыбыз эркин адамдарга, эркин коомго айланганда биздин келечек, гүлдөгөн Кыргызстан курулат. Азырынча бир аз сабыр жана тынчтык керек. Болгону ушулар эле жетиштүү.
Сейдалы Мырзакматов, журналист
Булак: NazarNews.kg