www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов түндө учуп келди

Кечээ саат түнкү  2де Манас аэропортуна бир олигархтын менчик учагы келип конду. Андан кадимки Өмүрбек Бабанов менен досу Кайсар түшүп, өтө жакын достору тосуп алышыптыр. Ал өзүнүн үйүнө барбай колуктусунун дачасынан жай тааптыр. Анткени анын хан сарайына видео коюлуп күнү-түнү иштейт эмеспи. Сактыкка кордук жок деген миллиардер  азыр жаш торпоктун этинен жасалган куурдакты аймап жатат. Кыргызстан деген коньяктан да сеп этип коет,анда-санда.

Жанында болгону Мирлан деген депутат отурат. Ал бизнестен канча каражат түшкөнүн эсептеп отчет берүүдө. Бокой, Сокойлорду, ал тургай таякелерин кабыл албай салыптыр. Супсуну суугандан кийин кайра 2-апрелдин түнүндө Пензага учуп кетерин бирөөгө шыбыраптыр. Ал кишиси эми “тигилерге” билдирип шорлотпосо экен. Себеби, акчанын кумары кимди жолдон адаштырбайт чиркин! Эмнеси болсо  Ома аман-эсен кетсе болду,бирдемкеге тушукпай...

"Ачык сөздөн" 1-апрель күлкү күнүнө карата

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости