Бабановчул Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрөбүз деп Эрдоганга билдирди
Кыска-нуска  |   |  1036

Президент Атамбаевдин тушунда бизнесмендерден акча сыгып алуунун жаңы ыкмасы табылган. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына шылтоолоп мыйзамдуу жана мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуп ала турган. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркияда 2022-жылы өткөрүлө турган болду. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдогандын жолугушуусунда маалым болду. Аталган конфедерациянын төрагасы Руслан Казакбаев менен жолугушкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жакын арада өнүктүрүүнүн жолдору жана ушул демилгенин алкагында пландаштырылган иш-чаралар жөнүндө сүйлөшүштү. Эрдоган 2022-жылы Изник шаарында (Түркия) өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы менен Түркия кандай даярданып жатканы тууралуу маалымат берди. Казакбаев Көчмөндөр оюнун буга чейин өткөргөн Кыргызстандын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу зарылдыгын белгиледи", — деп жазылат маалыматта. Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы магистратура жана докторантура программаларына Кыргызстандын жарандарын окутуу үчүн жыл сайын стипендия бөлүп берүүгө даяр экендигин жарыялаган.

Тышкы иштер министри Казакбаев V Көчмөндөр оюндарын 2024-жылы Кыргызстанда өткөрүү керектигин айткан. Андан тышкары, Эрдоган Чолпон-Ата шаарында жыл сайын Конфедерациянын алкагында Көчмөндөр фестивалын өткөрүп турууга даяр экенин белгилеген.

Дуйнөлүк көчмөндөр оюндары

Дуйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргыз Мамлекетинин эл аралык денгээлдеги эң ири долбоор. Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан демилгеленген.

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында 9нан 14-сентябрь күндөрдүн аралыгында өткөрүлдү. Анда 19 мамлекеттен келген 583 спортчу күч сынашты. Мелдеш этноспорттун 10 түрүнөн өткөрулдү. Маданий иш чарасын өткөрүүдө 1200 адам катышты. ТВ берүү аркылуу 230 млн көрүүчүнү камтыды.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3нөн 8-сентябрь аралыгында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында өткөрүлдү. Анда 62 мамлекеттен 1200 спортчу күч сынашты. Мелдештер этноспорт оюндарынын 26 түрлөрүнөн өткөрүлдү. ТВ берүүлөр 500 млн көрүүчүнү камтыды.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында 2-сентябрь 2018-жылы өткөрүлдү. Мелдештер 37 этноспорт оюндарынын түрүнөн өткөрүлдү.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркияда 2022-жылы өткөрүлө турган болду.

Өнүгүү доорунда дүйнө жүзүндөгү этностор жана элтер арасындагы көп жактуу тарыхый, маданий мурастарды сактап калуу.

• дүйнөлүк этноспорт кыймылын өнүктүрүү;

• этностор жана элдер арасындагы этноспорт, салтуу оюндар мелдештерин эл аралык денгээлге чыгаруу менен бирге аны коомчулука кеңири таанытуу жана өнүктүрүү;

• дүйнөдөгү этностор жана элдер арасындагы этноспорт кыймылына, этноспорттун түрүнө, илимий жана уюштуруу-методикалык түшүндүрмөлөргө жардамдашуу;

• дүйнөдөгү этностор жана элдердин ар тараптуу, бай маданияттын жайылтып, өнүктүрүү менен элдер арасындагы диний, маданий диалогторду чыңдоо, этностор жана элдер арасындагы ар тараптуу маданиятты демонстрациялоо жана алардын ортсунда ынтымакты күчөтүп, бири-бири менен кызматташууну бекемдөө.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары экологияга өзгөчө көңүл бурат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч багытта өтөт:

• Этномаданият

• Этноспорт

• Илим

Этномаданият

Этномаданият прогаммасыда этофестиваль “Көчмөндөр ааламы”, анын ичинде төмөнкүлөр камтылган:

• Айтуучулук (эпос, уламыш, жомок),

• Этнобазар (кол өнөрчүлүк жарманкеси жана мастер-класстар),

• Этноүй (көчмөн үйү),

• Этносаркеч (салттуу, заманбап кийим),

• Этнобий (элдик бийлер),

• Этнохит (эстрадалык жана фольклердук ырлар),

• Көчмөн театры (драматикалык жана куурчак театры, ачык аянттарда коюу),

• Заманбап искусство (көргөзмөлөр).

Этноспорт

Этноспорт программасы 37 этноспорт оюнун түрүн өзүнө камтыйт

Улуттук оюндар:

• Ордо – улуттук оюн (Кыргыз Республикасы).

Ат чабыштар:

• Ат чабыш – алыскы аралыкка ат чабуу;

• Кунан чабыш;

• Жорго салыш;

• Бышты жорго;

• Жумшактыкта ат чабуу

• Дистанциялык ат чабыш.

Ат үстүндө таймаштар:

• Көк бөрү – ат үстүндөгү улуттук оюн (Кыргыз Републикасы).

• Эр эңиш – ат үстүндөгү улуттук күрөш (Кыргыз Республикасы).

Улуттук күрөштүн түрлөрүнөн мелдештер:

• Алыш – улуттук бел боо күрөшү (Кыргыз Республикасы);

• Ашыртмалы аба гюреши – улуттук бел боо күрөшү (Түрк Республикасы);

• Гореш – улуттук бел боо күрөшү (Түркмөнстан);

• Гуштини милли камарбанди (Тажикстан Республикасы)

• Гюлеш – улуттук күрөш (Азербайжан Республикасы);

• Казаx куресы – улуттук күрөш (Казахстан Республика);

• Кураш – улуттук күрөш (Өзбекстан Республикасы);

• Кыргыз күрөш – бел боо күрөшү (Кыргыз Республикасы);

• Монгол бох – улуттук күрөш (Монголия);

• Пахлавани – улуттук күрөш (Иран Ислам Республика);

• Самбо – улуттук күрөш (Россия Федерациясы);

• Ссырым – улуттук бел боо күрөшү (Корея Республикасы);

• Сумо – улуттук күрөш (Жапон);

• Көчмөндөрдүн улуу күрөшү – биргелешкен бел боо эркин күрөшү

Жекеме-жекелик мелдештер:

• Аркан тартыш – дүйнө элдеринин мелдештери

• Таяк тартыш – улуттук мелдеш (Россия Федерациясы);

• Кол күрөш – дүйнө элдеринин мелдештери.

Салттуу акыл курчуткан оюндар:

• Тогуз коргоол – акыл курчуткан оюн (Кыргыз Республикасы);

• Мангала – акыл курчуткан оюн (Түркия Республикасы);

• Овари – акыл курчуткан оюн (Батыш Африка өлкөлөрү).

Салттуу жаа менен атуу оюндары:

• Салттуу жаа менен атуу (Кыргыз Республикасы);

• Салттуу жаа менен атуу (Түркия Республикасы);

• Салттуу жаа менен атуу (Корея Республикасы);

• Ат үстүндө салттуу жаа менен атуу (Түрк жана Кыргыз Республикалары);

• Алыскы аралыкка салттуу жаа менен атуу (Венгрия).

Улуттук мергенчилик “Салбуурун” боюнча мелдеш:

• Бүркүт салуу – бүркүт менен мергенчиликке чыгуу (Кыргыз Республикасы);

• Далба – шумкар менен мергенчилик (Кыргыз Республикасы);

• Тайган жарыш – иттерди жарыштыруу, тайган тукуму (Кыргыз Республикасы).

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү – эреженин эркинтүрүндө өткөрүлгөн бел боо күрөшү, катышуучулар – 13 улуттук күрөштүн обсолюттук жеңүүчүлөрү болуп саналат: алыш, аба гюреш, гореш, гуштини милли камарбанди, гюлеш, казаx куресы, кураш, кыргыз күрөшү, монгол бох, пахлаван, самбо, ссирым, сумо.

Улуу жеңүүчүлөрдү даңазалаган китеп – бул китеп дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрүн даңазалап, алардын тарыхын сактаган жыл баян. Көчмөн элдеринин өзгөчөлүктөрүн чагылдырып, салттуу, тарыхый нукта жасалгаланат.

Көргөзмө оюндар

Ар бир мамлекеттен келген катышуучулар өздөрүнүн улуттук спортторун сунуштай алышат. Элдик оюндар, салттар көргөзмө оюн түрүндө көрсөтүлүп, ал оюндар негизги этноспорт оюндарынын курамына киргизилбейт.

• Көк бөрү ат үстүндө

• Көк бөрү топоз үстүндө

• Кыз куумай

• Тыйын эңмей

• Джигитовка

• Төө жарыш

• Эшек минип жарышуу

• Жана башка дүйнө элдеринин оюндары

Илим

Форумдун тапшырмалары:

• Дүйнө жүзүндөгү адамдардын өнүгүү цивилизациясындагы көчмөн элдеринин маданиятынын ролюн жана ордун изилдөө;

• Адам өнүгүүсүнүн теориясын жана көчмөндөрдүн цивилизациясынын теориясын изилдөө;

• Көчмөн элдеринин маданияты жана тарыхы;

• Маданияттын кыймылдаткычын жана элдик оюндар менен элдик каада салттардын байланыштарын изилдөө;

• Заманбап көрүнүш жана келечек, дүйнө элдеринин тарыхый мурасы катары, дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын феноменин изилдөө;

• Ар кандай аспектерде салттуу, дене-тарбия жана этноспорт багытта илимий-методикалык негиздөөсү.

• Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында илимий чөйрөдөгү изилдөөчүлөргө, илимдеги илимпоз жана уюштуруучуларга дайыма өткөрүлүүчү илимий “аятчаны” түзүү.

Форумдун алкагында өткөрүлүүчү иш чаралар:

• III Дуйнөлүк көчмөндөр оюндарына багытталган жождордогу иш-чаралар, тематикалык илимий-практикалык конференциялар, тегерек столдор, конкурс жана викториналар;

• “элдик оюндар, салттар жана үрп-адаттар” деген темада 61-эл аралык алтай конференциясы;

• “дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: тарыхый мурас жана келечек” илимий конгресс.

• “көчмөн элдеринин салттуу билимдерин жандандыруу, жайылтуу жана сактоо” семинар.

• “шумкарлар жана алар жүргөн ареалдар, адам коомундагы гуманизациялык көйгөй” бүткүл дүйнөлүк илимий форум.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями