www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевдин доору жүрүп турганда бизнесмен Болот Абиров баласы Жаныбекти Бишкек шаардык кеңешине КСДПдан депутат кылган. Ал кезде баары шайма-шай эле, «Рассвет», «Прогресс» деген аталыштагы компанияларды колдонуп, Болот Абиров Казаксгандан БишкекТЭЦине көмүр ташычу. Шаарда алардан сырткары да бизнестери арбын эле. Мына ошолорду уулуна көзөмөлдөтүү, ашып-ташып баюу таризинде мандатты бетке кармашып, жыргап жашап келишкен, «Кой» деген кожо жок. Атамбаев бийликтен кеткени булардын заманасы тарый баштаганы, мурдагыдай өтүгүн тергө илүү менен ортомчулук (көмүр ташуу) миллиондордон четке сүрүлгөнү каңкууланган.

Бирок, топтоп алган байлыктарын сактап калышты. Атасы кайда качканы белгасиз, бирок баласы Жаныбек Абиров кайрадан Бишкек шаардык кеңещине «Эмгек» партиясы аркылуу келүүгө жулунуп, убадаларды урдура берип, алдин башын айландырууда. Өткөн чакырылышта эмне эрдиги менен эсте калды? Жадыбызда калбаптыр. Бул шуулдак бала бир тууган Салымбековдордун «Эмгегине» чиркешип алып, кайрадан жеке бизнестерин өркүндөтүү үчүн баратат да, туурабы? Карасаң, жалаң байлар! Иралды мындай базарчы, коммерсант шылуундарга добуш берген эл келечегине балта чапканы...

Булак: Азия News гезити

Последние новости