www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба байларыбыз арбын. Бирок, алардын эле баары эле таман акы, маңдай терлери менен байып кетишкен эмес. Мисалы, Өмүрбек Бабанов деген бизнесменибиз башка бирөөлөдүн байлыгын тартып алуу, менчикке басуу, мамлекетке тиешелүү каражаттарды сол чөнтөккө солоо менен байыган. Арийне, мындай арам тамактарды кустуруу маалы деле алыс эмес экен. Апрель элдик төңкөрүштөн кийин коррупцияга каршы жасалган күрөш жемиштүү болуп, майда чиновниктерден баштап чоң киттерге чейин тиш салганына күбө болгонбуз.
Жыйынтыгында бир нече алкымы бузук адамдар “кусуп”, бюджетке миллиондогон сомдор кайтарылган. Ошол иштер бийликке болгон элдин ишенимин бекемдеп, оппозициянын демин суутту. Жаңы шайланган ажобуз да үгүт маалында кооррупция менен чечкиндүү күрөш жүргүзөөрүн билдирип, Бабановдон баштаарын ачык айткан. Бирок шайлоо аяктаары менен Бабанов байлыгына карабай туруп качып кетти. Рейдерлик менен топтолгон мүлкү ушу тапта али мамлекетке кайтарыла элек. Бул боюнча иштер жүрүп жатканын уктук. Эгер иштер адилеттүүлүк менен жүрсө Бабановдун байлыгы мамлекетке кайтарылып, башкалардын сугалактыгына да сабак болоор эле.
Булак: "Де-Факто"