www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабановдун убадасына убара

Бүгүнкү жагдай Өмүрбек Бабанов үчүн иштеп жаткандай туйулдубу, айтор ал жана анын командасы ажолук тактынын бир куйругун кармап калышкандай эки эселенген эргүү менен алдындагы арыкты чаап киришти. КСДП талапкерликке Жээнбековду иргеп ладым деп-дебей, ага ичи чыкпаган бир топ айры буттар Бабан-короого баш багып калышты деген да маа­лымат аралап жүрү. Эми шайлоонун шайтан оюндарына тан бербесе болбойт. Баары болушу мүмкүн. Анткени, хан такты кимдин гана көзүн кызартпайт.

Демек, Бабанов деле асыл максатын жүзгө ашыруу үчүн баарын жасайт. Ажо болом дегендер артына бир кылчайып алышса кандай жакшы болот эле. Бирок, буларың тик беттен ылдый тормозу жок зуулдаган машинече алдыга гана уруп согуп баратышат. Маселен, Өмүрбек Бабанов ажолукка жетүү үчүн болгон аракетин жасап чуркап жүрөт. «Мен президент болсом жыргайсыңар» — деген ариясын миң кубултуп созууда. Бирок, ошол эле маалда буга чейинки шайлоолорду бир эстеп койсо ашыктык кылбас эле. Эмне деген убадалар айтылбады, өткөн шайлоо мезгилинде. Эми да шайлоо келатат, Өмүрбек Токтогулович тормозду кичине тээп туруп, «Элге кылган убадаларымды аткардымбы» — деп өзүнө бир суроо берип көрөт болду бекен? Аттиң, антпейт го...

Булак: "Кабар инфо"

Последние новости