www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков менен Бабанов теледебатка чыккан мезгилде, Жээнбековдун: “Президент болсом коррупцияны сенден баштайм” –деген сөзүнүн чындыгы бар окшойт.  “Республика” партиясын Мирлан Жээнчороевке өткөзө коюп, Бабанов саясатка киришпейм деп, сырттан акмалап калган.

Жээнчороевдин жакшы, жамандары көп, бирок жакында көпчүлүккө каршы жазылган мыйзамга каршы чыккан адам катары, эл оозуна алынган. Шайлоонуну жыйынтыгына нараазы болгон бийлик үчүн күрөшкөн топтун алдыңкы тизмесинде турган Мирлан Жээнчороев агасы Бабанов үчүн керегинче чуркады. Акырык аянтта аны сүйлөтпөй дагы коюшту. Бабанов болсо, депутат болбой калса оңбой каларын билип акчаны чачты.

Билесиңерда Бабанов рейдерлик баскынчылыгынан тышкары мамлекетке төлөй турган салыктардын изин жашырып койгонго “саяпкерчилигин” коомчулук жакшы билет.

Бабановдун жер–жайнаган компанияларынын ичинен бир гана “Манас Интернейшил Сервис”  ЖЧКсында 700 миллион сомдон ашуун каражат жашырылып, салык катары төлөнбөй келатканы, анын капчыгы үчүн гана иштеп жатканынан кабардар кылат.  Бул компаниянын жетекчилигине карата өзгөчө ири суммадагы салыктан качуу фактысы менен мурун эле кылмыш иши козголгон.

Иш тиешелүү адистерден түзүлгөн комиссиянын тыянагы боюнча “Манас Интернейшил Сервис” салык жана бажы өлөмдөрүнүн шарттарын бузуу менен мамлекетке 723 833 710 сом төлөөдөн качканы аныкталган. Бирок, Бабанов ортого “абдан таасирлүү” адамдарды кыпчый коюп, бул кылмыш иштерин өндүрүштөн алдырып койгон. Ошонун айынан тиешелүү 700 миллион сомдук акча каражаттары мамлекеттин казынасына түшпөй келатат. Бабановдун бул бир гана ишканасы боюнча милдеттүү салыктары, ал эми башка ишканалары канча карыздар экени тууралуу да баяндалат.

Такталган маалыматтарга таянсак учурда Өмүрбек Бабановдун үстүнөн 11ден ашуу кылмыш иши козголгон. Мамлекетке 3.5 млрд сом карыз. Таасирдүү досторунун аракети менен кылмыш иши жабылган.

Баса, Бабанов шайлоодон чыккан ызы-чуудан кийин "Кыргыз элим, силер кыйналганда кайтып келем дебедим беле?", - деп алдындады Адахан Мадумаровдун ал тургай калдайган калктын оозун ачырган.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости