www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтпөгөн жарандарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу чечимин кабыл алды. Өкмөттүн токтому 10-январдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Өзгөчө кырдаалдар, кризистер жана табигый кырсыктар боюнча улуттук администрация менен макулдашуу боюнча, БАЭнин COVID-19 вакцинасы менен эмделбеген бардык жарандарына 10-январдан тарта чет өлкөгө чыгууга тыюу салынат", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Мындай чечим өлкөнүн өкмөтү тарабынан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө коронавирус инфекциясынын көп учурагандыгына байланыштуу кабыл алынды. Эмдөөдөн өтпөгөндөр үчүн чет өлкөгө чыгууга медициналык себептерден улам эмдөөгө мүмкүн болбогондорго, ошондой эле “гуманитардык кырдаалда” калгандарга жана дарылануу үчүн сапарга чыккандарга гана уруксат берилет.

Последние новости