www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
5-августка караган түнү саат 00:30 чамасында Баетов–Макмал унаа жолунун 36-чакырымында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жолду шагыл аралаш топурак басып калган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №15 Жол-эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери атайын техникалар менен жерине барып, тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Алгач жолдун бир тарабы ачылып, унаалардын кыймылы убактылуу бир тилке аркылуу уюштурулган.
Учурда селдин кесепети толугу менен жоюлуп, жол тазаланды.
Баетов–Макмал унаа жолунда эки тараптуу унаа кыймылы кайрадан толук калыбына келтирилди.