www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жайда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Каргалык айыл аймагындагы таштанды полигонунда өрт чыккандыгы аныкталган.

Ошондой эле полигонду эксплуатациялоодо экологиялык талаптардын сакталбагандыгы белгиленген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык чара көрүлүп, полигонду иштеткен жооптуу жакка 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Учурда таштанды жайындагы өрт толугу менен өчүрүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Последние новости