www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирактын баш калаасы Багдаддагы демонстрацияларда ондогон адам, анын ичинде полиция кызматкерлери да жарадар болду.

Маалымдоо каражаттары эки киши каза болгонун жазды, Саламаттык сактоо министрлиги аны четке какты. Митингчилерди мамлекеттик мекемелер жайгашкан өзгөчө корголуучу аймакка киргизбөө үчүн полиция асманга ок атты.

Багдаддын көчөлөрүнө иранчыл шиит түзүмдөрү менен кызматташкан партиялардын тарапкерлери чыгышты. Алар бир ай мурдагы шайлоодо утулуп, Ирак парламентиндеги көпчүлүк орундардан кол жуушкан. Митингчилер добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланган деп эсептешет.

Иракта фальсификацияга байланыштуу даттануулардан улам парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыга элек , добуштарды саноо уланууда. Өлкөдө экономикадагы кырдаалдан жаралган саясий кризис жоюла элек.

2019-жылы өкмөткө каршы ири нааразылык акциялары өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости