www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вирустук инфекциялык оорулардан сактанып, иммунитетти бекемдөө үчүн кандай эрежелерди эстен чыгарбоо керек экенин РИА Новостиге терапевт Дмитрий Злобин айтып берди.

"Бизге табияттан берилген иммунитет жугуштуу оорулардан толугу менен коргой албайт. Бирок иммунитет жакшы болсо вирусту жеңил көтөрүп же батыраак айыгууга болот", — деген эксперт.

Терапевт иммунитетти бекемдөө үчүн кийген кийимге, ичкен тамакка, жашоо образга көңүл бөлүү керектигин айткан.

"Баягы эле эрежелер: тамакты түрлөп жеп, уйку режимин сактап, сууну көп ичип, спорт менен машыгып, таза абага чыгып, зыяндуу адаттардан баш тартуу керек. Каттап кийинип, таманы калың бут кийим кийген жакшы. Ошондой эле ооругандар менен байланышты азайтып, колду самын менен таза жууп, антисептик колдонуп, бет кап тагынуу керек", — деген терапевт.

Адис сасык тумоого жана коронавируска каршы эмдөө жолу менен да иммунитетке ээ болуу мүмкүн экенин эске салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости