www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ирактагы Багдад шаарындагы жаза өтөө жайларында кармалып турган кыргызстандык аялдар маселесин кайрадан көтөрдү.

Депутаттын айтымында, жалпы 41 аял тууралуу сөз болуп жатат. Алардын көбү Иракка күйөөлөрүн ээрчип барган жана учурда 7–8 жылдан бери түрмөдө кармалып турушат.

Бекешев бул маселе боюнча президентке жана Башкы прокуратурага кайрылуу жөнөткөнүн билдирди. Ал соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну, натыйжада кыргызстандык аялдарды мекенине кайтарууну суранган.

Бирок депутаттын айтымында, Башкы прокуратура мындай кадам улуттук коопсуздук маселелерине каршы келерин билдирип жооп берген.

Дастан Бекешев бул позицияга макул эместигин айтып, аталган аялдар Кыргызстандын жарандары экенин, алардын балдары да өлкөдө экенин белгиледи.

«Бул биздин жарандар. Ооба, алар туура эмес кадамга барышкан. Бирок алар террорист же экстремист эмес, жөн гана күйөөлөрүн ээрчип кетишкен», — деди депутат.

Ал Конституцияга ылайык мамлекет өз жарандарынын укуктарын коргоого жана аларды мекенине кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Депутат бул маселе боюнча башка мамлекеттик органдардын жообун күтүп, көйгөйдү чечүү аракетин улантарын билдирди.

Последние новости