www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-июль Ирандын борбору Тегеранда шейит болгон өлкөнүн жогорку руханий лидери Али Хаменеи менен коштошуу зыйнаты башталды. Бул тууралуу Евразия Бүгүн басылмасы жазып чыкты.

Иш-чарага миллиондогон адамдар катышат деп күтүлүүдө. Аятолла 28-февралда шейит болгону менен, коштошуу зыйнаттары эми гана башталды.

Зыйнаттын расмий бөлүгү 3-июлда Тегеранда чет элдик делегациялардын катышуусунда өттү.

Азыркы таптар жүз миңдеген ирандыктар Тегерандагы эң ири диний комплекстердин бири болгон Имам Хомейни атындагы “Мосалла” комплексинин аймагына чогулуп, Хаменеи менен коштошуп жатышат.

Жарандар атайын уюштурулган жөө жүрүүчү маршруттар аркылуу “Мосалланын” кире бериштерине агылып келишүүдө.

Алардын көбү Ислам Республикасынын мамлекеттик желектерин, ошондой эле Али Хаменеи менен анын уулу, азыркы жогорку лидер Можтаба Хаменеинин сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшөт.

Тегеранда абанын температурасы 35°Сден ашкан экстремалдуу ысык аба ырайынын шарттарында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн уюштуруучулар аймакты муздатуу максатында суу бүркүүчү көптөгөн автоцистерналарды орнотушкан.

Ошондой эле адамдардын көп топтолушуна байланыштуу тобокелдиктердин алдын алуу үчүн коопсуздук эрежелери боюнча нускамаларды үзгүлтүксүз жарыялашууда.
Али Хаменеи менен расмий коштошуу зыйнаты 3-июлда Тегеранда башталган.

Зыйнатка дүйнөнүн кеминде 100 өлкөсүнөн келген жогорку жаражалуу делегациялар катышты.

Алардын арасында өлкө башчылары, өкмөт башчылары, парламент төрагалары, тышкы иштер министрлери, саясатчылар, атайын өкүлдөр, диний жана коомдук ишмерлер бар.

6-июлда Тегерандын негизги көчөлөрүндө аза күтүү жүрүшү өтөт. Андан соң маркумдун сөөгү өлкөнүн башкы диний борбору болгон Кум шаарына жеткирилет.

Ал жерде 7-июлда дагы иш-чаралар уюштурулат.
8-июлда Али Хаменеинин сөөгү коңшу Иракка алып барылып, Кербала жана Наджаф шаарларында өзүнчө коштошуу аземдери өткөрүлөт.

Маркумдун сөөгү акыры 9-июлда Мешхедде жерге берилет.

Последние новости