www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлери тарабынан баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

2025-жылдын 31-декабрында «102» кызматына Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында белгисиз жарандар наркотикалык заттарды таратып жүрүшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин МЭЖге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКК кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган А.Н. жана 2006-жылы туулган А.Ы. аттуу жарандар кармалып, алар өз ыктыяры менен ичинде белгисиз зат бар, кара түстөгү изолента менен оролгон 36 даана түйүнчөктү өткөрүп беришкен. Аталган заттар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ( Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Көрсөтүлгөн кылмышка шектелип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык 2006-жылы туулган А.Н. жана 2006-жылы туулган А.Ы. аттуу жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

 

Последние новости