www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын жыйынтыгында дүйнөдөгү эң ири 100 коргонуу тармагындагы компаниянын жалпы кирешеси 5,9 пайызга өсүп, тарыхый рекорд жараткан 679 млрд АКШ долларына жетти. Бул тууралуу Стокгольм эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) жаңы баяндамасында айтылат.

Маалыматка ылайык, дүйнөлүк өсүшкө негизги салымды АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн курал-жарак өндүрүүчүлөрү кошкон. Ошол эле учурда кирешенин өсүү тенденциясы башка региондордо да байкалууда.

SIPRIнин рейтингине кирген компаниялардын жалпы кирешеси 2015-жылдан бери 26 пайызга жогорулаган. Адистер мындай өсүштү Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш, ошондой эле Израилдин палестиналык радикалдуу ХАМАС кыймылына каршы жүргүзгөн аскердик аракеттери менен түшүндүрүшүүдө.

Рейтингде Орусиядан эки ишкана орун алган. Мамлекеттик «Ростех» корпорациясы 7-орунду ээлеп, анын кирешеси өткөн жылы 26 пайызга өсүп, 27,1 млрд долларга жеткен. Ал эми Бириккен кеме куруу корпорациясы (ОСК) 41-орунда болуп, анын кирешеси 6,5 пайызга көбөйүп, 4,1 млрд долларды түзгөн.

Адистердин баамында, глобалдык коопсуздукка байланышкан чыңалуу күчөгөн сайын курал-жарак рыногундагы кирешелер да мындан ары өсүшү мүмкүн

Последние новости