www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-январда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов жарандарды жеке кабыл алды. Министр менен бирге жарандардын кайрылууларын министрдин орун басарлары жана ведомствонун тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери да кабыл алышты.
Кабыл алууга 30дан ашуун жаран кайрылып, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты, соттук-медициналык экспертизаларга байланышкан маселелер, жеке клиникалардын ишмердүүлүгү, балдарды дарылоо, дары-дармек менен камсыздоо, ошондой эле бейтаптарга карата этикага туура келбеген мамиле учурлары сыяктуу кеңири маселелер көтөрүлдү.
Кайрылуулардын көпчүлүгү боюнча жеринде зарыл болгон түшүндүрмөлөр берилди. Министр тиешелүү кызматтарга сунушталган материалдарды ыкчам түрдө изилдеп чыгып, көйгөйлүү маселелерди тез арада чечүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.