www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте "Бахчай" кафесинде болгон мушташка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 20-декабрга караган түнү 5-кичи районунда катталган. Анда эки жигит бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен ЭПКга катталган.

Октябрь РИИБнин ГОМ-3 бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган С.А. жана 1995-жылы туулган М.Н. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости