www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 28-февраль күнү болжол менен саат 00:15 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон дарекке Аламүдүн РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгышып, европа улутундагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, кароо жүргүзүү учурунда киши колдуу болуп өлгөндүгү маалым болгон.

Маркумдун өздүгү такталып, ал 38 жаштагы З.Б. аттуу жаран экендиги аныкталып, Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмыштын изин суутпай, кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 48 жаштагы С.Ж. аттуу жашоочусу (аял киши) кармалган.

Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жаран буга чейин соттолгондугу маалым болуп, окуя тууралуу айтып берген. 28-февраль күнү кечинде маркум туугандары менен бирге спирт ичимдигин ичишкен. Мас абалында пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, 48 жаштагы тууганы бычак менен З.Б. аттууну сайып жиберген. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ошол жерден каза болгону маалым болгон.

Бул факты боюнча Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө деп билдирет Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости