www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жозеф Байден Орусияны АКШ жана Кытай үчүн башкы оппонент катары эсептей тургандыгын айтты. Бул тууралуу CBC News билдирди.
"Менин оюмча, биздин коопсуздугубузга жана өнөктөштөрүбүзгө азыркы учурда эң чоң коркунуч Россия деп ойлойм" деди Байден.
Андан кийин Байден Кытай АКШга эң чоң атаандаш экендигин айтты.
Буга чейин, жакында президент Дональд Трамп менен Байдендин ортосунда теледебат болгон. CNN сурамжылоосуна ылайык, Демократиялык партиянын талапкери учурдагы президент менен болгон теледебаттардын акыркы турунда жеңишке жетишти.
АКШда шайлоо ушул жылдын 3-ноябрында өтөт. Ал президентти, штаттын 13 губернаторун, Өкүлдөр палатасынын бардык мүчөлөрүн жана Сенаттын үчтөн бирин шайлайт.
Сарвар Анвар уулу, Ташкент
Булак: NazarNews.kg