www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джозеф Байден Кошмо Штаттарга кире турчу адамдардан ПЧР-анализи терс чыккан маалымдамаларды гана эмес, карантин да талап кылынарын жар салды.

"Вирустун жаңы штаммын аныктап калсак, АКШга башка мамлекеттерден учуп келгендерге жаңы чараларды киргизебиз. Ар бири бет капчан болушу шарт. Ошондой эле АКШга келе турчулар учакка отураарда коронавируска тест тапшырып, Америкага келгенде карантинде болуусу зарыл", — деген Байден.

Эскерте кетсек, Байден кызматка киришээри менен экс-президент Дональд Трамптын бир катар жарлыктарын жокко чыгарган.

Алгач президент АКШны кайрадан Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмуна мүчө кылып киргизди. Эске салсак, 2020-жылдын апрель айында Американын ал кездеги лидери Трамп ДССУну Кытайга өтө эле көңүл бураарын, болбосо уюм АКШ бөлгөн акчанын көпчүлүк үлүшүн аларын айтып чыккан. Июль айынан баштап Кошмо Штаттар уюмдан чыгуу процессин баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости