www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликтин, коомдун көңүлү, энергиясы кайсы бир байды «талкалоого» эмес, биринчи кезекте экономиканы көтөрүүгө бурулуш керек... Мындай пикирин саясат талдоочу жана журналист Айданбек Акматов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Коррупция бар. Экономика жок...

Кыргызстанды коррупция кууратып жатат деп, ошого бардык көңүл бурулуп, бийликтегилер болсо коомдогу мына ошол маанайды пайдаланып, көп учурда «обезжиривание» менен алек болуп калды. Бирин-бири алмаштырат. Коррупцияга каршы күрөш жарыялайт. Кармамыш болот. Бошотот. Ушул нерсе кайра башынан кайталанат...

Ооба, коррупция бар. Узак мезгилден бери келе жаткан коррупция бар. Мамлекеттин кубатын алып, алсыраткан (Кумтөр баш болгон алтын кендер, бажы...) коррупция бар...

Бирок, бизде эң чоң проблема экономиканын жоктугунда. Иштеген ишкана, завод-фабрикалардын жоктугунда. Мына ошонун айынан жумушсуздук, жакырлык күчөп, айласыздан жаштар жүз миңдеп чыгып кетип жатышында.

Бийликтин, коомдун көңүлү, энергиясы кайсы бир байды «талкалоого» эмес, биринчи кезекте экономиканы көтөрүүгө бурулуш керек...», - дейт Акматов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости