www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын убагында жогорку даражалуу кызматтарды ээлеп келген 30дай аткаминерге санкция салды. Арасында кызматтан кетип жаткан мамлекеттик катчы Майк Помпео дагы бар.

«АКШнын тиешелүү аткаминерлери Кытайдын эгемендигин, коопсуздугун жана кызыкчылыктарын олуттуу бузганы үчүн Бээжин жооп иретинде санкция киргизүнү чечти. Бул толугу менен мыйзамдуу жана зарыл. Бул кадам Кытай өкмөтүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы чечкиндүүлүгүн көрсөтөт», - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чунин.

20-январдын кечинде Байдендин администрациясы Кытайдын бул кадамын сынга алган. Бээжин менен Вашингтондун алакасы соңку жылдары начарлап кеткен. Ага кошумча Трамп коронавирусту «Кытай вирусу» деп атаганы да ортодогу чыңалуунун күчөшүнө түрткү болгон.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы Бээжиндин Тайвань, Тибет, Гонконг, Түштүк-Кытай деңизинде жана Шинжаңда жүргүзгөн саясаты үчүн Кытайга каршы санкция киргизген. Ал эми 19-январда мурдагы мамлекеттик катчы Майк Помпео Кытайдын Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына жасаган мамилесин сынга алып, аны «геноцидге жана адамзатка каршы кылмышка» теңеген.

Мамлекеттик департаменттин башчылыгына келгени жаткан Энтони Блинкен Помпеонун чечимин колдой турганын айтып, жаңы администрация да Кытайга карата катаал позицияны карманарын билдирди. Анткен менен ал жаңы лидер эл аралык кызматташууну жакшыртканга аракет кыларын да кошумчалады.

Кытайдын «кара тизмесине» Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчилери Роберт О Брайен менен Жон Болтон, Саламаттыкты сактоо министри Алекс Азар, Бириккен Улуттар Уюмундагы АКШнын элчиси Келли Крафт жана Трамптын мурдагы жардамчысы Стив Бэннон да кирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости