www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз байыган деп кармалган Финполдун Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоев эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматынан билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 20-январда Биринчи май райондук сотунда Токоевдин баш коргоо чарасы тандалып, 18-мартка чейин УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечими кабыл алынган.

Белгилей кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Айбек Токоевди 18-январда кармаган. Ал 2014-2020-жылдар аралыгында көптөгөн кыймылсыз мүлккө ээ болгону, ал мүлктөр анын жакын туугандарына көмүскө түрдө катталганы айтылат.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кыймылсыз мүлк жана финансылык активдери 4 миллион долларга бааланып, мыйзамдуу кирешесине дал келген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости