www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байден дүйнөдө демократиялык институттар алсызданып баратканына тынчсыздануусун билдирди.

9-декабрда 100дөй мамлекеттин лидерлери катышкан жыйындын ачылышында сүйлөп жатып, Байден автократтар өз бийлигин бекемдеп, таасирин дүйнөгө жайылтууну көздөп жатканын кошумчалады. АКШ президенти авторитаризмге, коррупция менен адам укуктарынын бузулушуна каршы турууга, демократиялык баалуулуктарды коргоо үчүн аракеттерди эселеп көбөйтүүгө чакырды.

Демократияны колдоого багытталган жана өзүнүн демилгеси менен уюштурулган виртуалдык саммитте Байден азыркы тенденциялар «тескери багытта баратканын», «демократия коргоочуларга муктаж» экенин айтты.

"Демократия кокустан пайда болбойт. Биз аны муун өткөн сайын жаңылап турушубуз зарыл",- деди Байден.

Ал АКШ өз демократиясына инвестиция салуу, дүйнөдөгү өнөктөштөрүн колдоо менен башкаларга үлгү көрсөтөрүн кошумчалады. Байдендин администрациясы дүйнө жүзү боюнча демократияны жандандыруу, анын ичинде көз карандысыз медиа каражаттарын жана демократиялык реформаларды колдоо үчүн 424,4 миллион доллар бөлүү максатында Конгресс менен иштеп жатканын билдирди.

Жыйынга 110 мамлекеттин лидерлери чакырылган. Алардын арасында Орусия жана Кытай жок.

Эске салсак, өткөн аптада Орусиянын жана Кытайдын Вашингтондогу элчилери Анатолий Антонов менен Цинь Ган биргелешкен билдирүү жарыялап, саммитти сынга алышкан.

Жыйынга Борбор Азиядан бир да лидер чакырылган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости