www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте балдар ооруканасы ачылды

Бишкекте Республикалык диагностикалык борбордун базасында көп профилдүү балдар ооруканасынын расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Иш-чара министр Алымкадыр Бейшеналиевдин, саламаттык сактоо тармагында эмгектенген уюм жетекчилеринин, ФОМС жана балдар стационарынын жамаатынын катышуусунда өттү.

Оорукана 150 орунга ылайыкталган: педиатрия бөлүмүндө 50 керебет, кабылдама-диагностикалык бөлүмүндөгү интенсивдүү терапия палатасында беш керебет, пульмонология бөлүмүндө 35, неврология бөлүмүндө 40 койка, кыска мөөнөткө жатуу бөлүмүндө 20 орун бар. Мында функционалдык диагностика бөлүмү дагы камтылган.

Республикалык диагностикалык борбордун ордуна балдар ооруканасын ачуу чечими ноябрда кабыл алынган. Саламаттык сактоо министрлиги бул нерсе сапатты жакшыртуу жана балдарга медициналык жардамды жеткиликтүү кылуу үчүн жасалганын билдирди.

"Мурдагы Диагностикалык борбордун бир дагы кызматкери иштен алынбайт. Алар жаңы ооруканада диагностикалык жана лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн иштеп калса болот. Бул жерде кала албай тургандар Саламаттык сактоо министрлигинин башка уюмдарына ишке орноштурулат. Министрлик кызматкерлерди кыскартууну же иштен алууну көздөбөйт. Системада ансыз деле кадрлар жетишпей жатканы сезилип жатат. Биз бардык кызматкерлерди алып калууга милдеттүүбүз", — деди Бейшеналиев.

Учурда оорукананын 4-5-кабаттарында бейтаптар үчүн керебеттер коюлуп, 48 бала дарыланып жатат. Бул жайдын имараты Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости