www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Эрдоганга кат жолдоду

АКШнын президенти Джо Байден президент Режеп Таййип Эрдоганды 22-23-апрелде боло турган Лидерлердин Климаттык саммитине чакырды.

Байден өзүнүн чакыруусун президент Эрдоганга жөнөткөн каты менен билдирди.

Американын президенти катында айрыкча коронавирустан таасирленген түрк жарандарынын, үй-бүлөлөрүнүн жана жалпы элдин кайгысын тең бөлүшкөнүн жазды.

Ошондой эле Джо Байдендин жетекчилигинен онлайн режиминде өтө турган Лидерлердин Климаттык саммитине байланыштуу билдирүүсүндө, Байдендин Эрдогандан тышкары орус кесиптеши Путин жана кытайлык кесиптеши Си Цзиньпин менен катар 40 мамлекеттин лидерлерине чакыруу жөнөткөндүгү маалымдалды.

Билдирүүдө лидерлердин саммитинде, климаттын өзгөрүшүнө каршы күчтүү күрөштүн шашылыштыгына жана экономикалык пайдаларына басым жасала тургандыгы айтылып: «Глазгодо, ноябрда өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясынын алдында, бул саммит маанилүү этап болот», деп баа берилди.

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп 2017-жылдын июнь айында АКШнын Париж Климаттык келишиминен чыгарын жарыялаган жана 2019-жылдын 4-ноябрында келишимден расмий түрдө чыккан.

Байдендин январь айында бийликке келиши менен Вашингтон келишимге кайрадан кошулган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости