www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда «Коопсуздук-2021» жана «Калыптандыруу Түштүк-2021» деген аталыштагы аскердик машыгууларга даярдык жүрүп жатат.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар 1-3-апрель күндөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында өтөт.

Жоокерлер аскердик кошуундардын жана техниканын күжүрмөн абалдагы шартта макулдашылган аракеттерин ишке ашырууну үйрөнүшөт.

Жалпысынан машыгууга 2 миңдей адам, 100гө жакын автомобиль, брондолгон жана атайын техника, 20 чакты артиллериялык система жана 10дой авиациялык техника тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости