www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президентинин Улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Джейк Салливан президент Джо Байден коронавирус боюнча жаңы саммит өткөрүүнү каалай турганын айтты. Бул тууралуу ал CNN телеканалына билдирди.
Саммит 2022-жылдын башында өтүшү керек.
Салливан белгилегендей, Кошмо Штаттар буга чейин ар кайсы өлкөлөргө 225 миллион дозадан ашык вакцинаны белекке берген жана өлкөнүн жалпы камсыздоосу миллиард дозаны түзөт. «Бул максаттарды көзөмөлдөө үчүн, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ноябрда иш-чара өткөрөт жана Байден келерки жылдын башында дүйнөнү кайра бириктирет», - деп кошумчалады президенттин жардамчысы.
Сентябрдын аягында пандемияга каршы күрөшүү жана глобалдык эмдөө боюнча эл аралык саммит БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында өткөн.
Булак: NazarNews.kg