www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Yч сом бер... Үч сом бер!»

1 ноябрдан тартып жол кире акысы кымбаттаганы карапайым адамдардын, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн чөнтөгүнө бир топ эле оорчулук жаратты. Окуучу кызым жол кире тууралуу жолдон көргөн көрүнүшүн айтып таң калганын жашырбады.

«1-ноябрь күнү сабакка шашылып, таңкы жетиде демейдегидей троллейбуска түштүм. Кабардар болгондуктан даярдап алган жол кире акымды төлөп, жогору өтүп кеттим. Бирок жол кире кымбаттаганын элдин баары эле биле бербейт экен. Кирип келип эле жүргүнчүлөр 8 сом төлөп алып жатышты.

Бул көрүнүшке жинденген айдоочу «үч сом бер, үч сом бер деп» жаңырта кыйкыртып баратты. Жүргүнчүлөр шашкалактап үч сом таап төлөгүчө кийинки аялдамага жетип бардык. Кайрадан айрым жүргүнчүлөр жол кире акысын билбей, 8 сом төлөп, айдоочу кайрадан жинденип, «үч сом бер, ңч сом бер» деп кыйкыра баштады.

Ар бир аялдамада бул көрүнүш кайталана берди. Жол кире акысын алдын ала билип албаганга жинденген айдоочу тоону көздөй кой жүктөп бараткандай улкуп-жулкуп айдап, жүргүнчүлөр бир ары тарапка, бир берки тарапка ооп жыгылып кала жаздап, жетер жерлерине араң жетип жатышты» дейт.

Коркунуч жараткан ковид, аралыкты сактоо кайда? Окуучулар ар бир күнү ушундай кыйынчылык менен сабакка барып келишет. Бул абал качан жөнгө салынып, балдарыбыз качан тыгылбай, бактылуу жылмайып коомдук транспортто кенен кесир жүрө алышат?

Мындай көйгөйлөр баштан ашат. Аткаминерлер болсо жүрөк айныткан убадалар менен өздөрүн байдын кызындай мактатып, мактоолорго маашырланып отурушат. Балдарды ушундай азапка салган жашоодон ким уялат? Ким качан кантип кам көрөт? Негедир айдоочунун «үч сом бер... үч сом бер» деген үнү кулагыма жаңырат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости