www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпы тилге токтоло турган болсок, кандай гана тил болбосун Маркс менен Энгельсттин теориясына таянсак анда тил эмгектен улам жаралат деген. Мындай пикирин филилогия илимдеринин доктору, профессор, манасчы Талантаалы Бакчиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

- Кыргыз тилинин келип чыгышы боюнча кандай маалыматтар бар?

-  Жалпы тилге токтоло турган болсок, кандай гана тил болбосун Маркс менен Энгельсттин теориясына таянсак анда тил эмгектен улам жаралат деген.

Албетте тил эмгектен жаралса керек. Бирок, биздин кыргыз тилинин жаралышынын бирден бир себеби карым-катыш мамиледен улам келип чыккан. Тил бул өз ара мамиленин байланыштыгынын каражаты. Бирок, каражат эле эмес тил бул дүйнө тааным, ой жүгүртүү, билим.

Ал эми, кыргыз тилинин жаралышы тууралуу бизге чейин бир нече окумуштуулар буга өзүнүн божомолдорун, ойлорун айтып өткөн. Мисалы бизди көпчүлүк учурда түрк тилдүү элдердин тайпасына кирет деп айтат. Чын чынына келгенде муну дагы такташ керек.

Түрк тили мурда жаралды беле? Же болбосо кыргыз тили мурда жаралды беле? Ал эми, кыргыз тилин алып жүрүүчүсү бул кыргыз эли.

Демек, мындай суроо туулат, кыргыз эли мурда дүйнөлүк аренага келди беле же түрк элиби? Эгерде тарыхты барактап карай турган болсок, анда кыргыз эли бир канча кылым мурда дүйнөлүк аренага эл катары келген.

Керек болсо саясий мурдагы карталарда, байыркы тарыхый кол жазмаларда, ошондой эле байыркы кытай эл кол жазмаларында деле ушундай маалыматтар кездешет. Демек кайрадан эле суроо, эгерде биз кыргыз эли мурда жаралган болсок, кыргыз тили түрк тилинен мурдараак түзүлгөн болсо, анда кыргыз тили түрк тилдер тайпасына кириши керекпи же түрк тилдүүлөрдүн бардыгы кыргыз тилдүүлөрдүн тайпасына кириш керекпи?

Ошондуктан, мына ушул жерде кандайдыр бир талаш жарата турган “провокациялык” абдан чоң маселе жатат. Башында айтып өткөндөй бизге чейин бир топ окумуштуулар Радлов, Томсен сыяктуу ошол түрк Сибирь жергесиндеги түрк тилиндеги тарыхый эстеликтердин маалыматынан улам түрк тилдүүлөр деп ушул нерсеге токтолуп калганбыз.

Мына ушул себептерден улам кыргыз тили түрк тилдер тайпасынына кирген тилдерин бири болуп аталып калаган. Бул өтө чоң мааниге ээ. Менимче бул жерде саясий дагы маселе жатат.

Албетте, бул 18-19 кылымдардагы орус, чет элдик окумуштуулардын, өзгөчө европа окумуштууларынын пикирлери болгон. Бирок түбөлүк турган эч нерсе жок, түбөлүктүүлүк бир Кудайга таандык дейт. Ошондуктан, биз түрк тилдер тайпасы менен кыргыз тил ортосундагы маселени түздөп бир жолго салып алышыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости