www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ жана Франция президенттери октябрда жолугушмай болду, ал эми франциялык элчи эмки жумада Вашингтонго кайтат. Бул тууралуу 22-сентябрда Джо Байден жана Эммануэл Макрондун телефон сүйлөшүүсүндө кеп болду. “Абалды Франция жана европалык өнөктөштөр үчүн маанилүү стратегиялык маселелерди ачык талкуулоо аркылуу жакшыртса болоруна эки лидер тең макул болушту", - деп билдирди Ак Үй.

15-сентябрда АКШ, Британия жана Австралия AUKUS деп аталган альянс түзүшкөн. Инд-Тынч океан аймагындагы коопсуздук тармагын камтыган өнөктөштүктүн алкагында Австралия эки өлкөдөн суу астында сүзүүчү атомдук кемелерди алмакчы.

Буга чейин Париж менен түзүлгөн 40 миллиард долларлык келишимди Канберра үзүп койду. Буга нааразы болгон Франция АКШ жана Австралиядагы элчилерин чакыртып алды. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери бул талашта Парижге тилектештигин билдиришкен.

Телефон сүйлөшүүсүндө Макрон менен Байден ортодогу ишенимди калыбына келтирүү үчүн жолугушуу баштоону макулдашканын, тараптардын расмий булактары маалымдашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости