www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Надира айым, бир жылдан ашуун чет жактан карыз бай жашап келатабыз, сизге байкалып жатабы?

- Биз эгемендүү, көз карандысыз мамлекетпиз. Буюрса, өз алдыбызча өнүгүп-өсүп кеткенге жол ачылып, жакшы иштер башталды. Кумтөрдү өнүктүрүп, өзүбүз иштетип, алтыныбыздын калганын өндүрүп, кайра иштетүү заводдорун ачып кетсек, көп ийгиликтерге жетебиз. Ошону менен катар экономикалык жактан коопсуздугубуз да чечилмек.

Кумтөрдү ушул бойдон токтотпой иштетип кете бергенибиз оң. Тоолор, суулар, мөңгүлөр, алтын, жер байлыктары - өзүбүздүн, кыргыздын менчиги. Башты оорутуштун кереги жок. Биз бар байлыгыбызды иштететип, экономикалык кризистен чыгып, карыздардан кутулуп, өз жашообузду улантканга эч ким тоскоолдук кыла албайт. Ооба, убактылуу кыйналышыбыз мүмкүн, бирок өз алдыбызча иш аракет жасаганыбыз маанилүү болот.

- Ири державалардан жардам сурап кереги жокпу?

- Кереги жок. Россиядан, Кытайдан же башка мамлекеттерден көз карандысыз эле өнүгүп кеткенге толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал үчүн ата мекендик ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, жеңилдиктерди берип, салык төлөмдөрүн иреттеп, ишкер-жаратмандарды колдоп, жумушчу орундарды түзүп, өндүрүштердү өркүндөтүп, өзүбүздүн экологиялык таза азык-түлүгүбүздү жегенди үйрөнсөк, өсүп-өнүгүп кетебиз.

Анткени, биздин жер, суу, андагы кен байлыктарды ысырап кылбай, талкалабай, бирөөгө итбекерге сатпай, талап-тонотпосок эле жыргайбыз. Андан көрө жалкоо болбой, башыбызды иштетели. Импортту азайтып, экспортту күчөтөлү. Биз аз элбиз. Жакшы башкаруу системасын жолго салып, темирдей тартип орнотсок эле болду.

Андан сырткары, мигранттарды кайтарып келүү үчүн акырындап жумушчу орундарды түзсөк эле экономикалык коопсуздуктан чыгып кетебиз. Мына, бир жылга жакын убакыттан бери чет элден бир тыйын карыз алган жокпуз. Бюджетибиз куру болсо да, аракет кылышууда, алдыга жылып баратабыз. Ички резервдерди пайдаланса болот. Бул да учурдагы бийликтин иш аракети....

Булак: Азия News гезити

Последние новости