www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бала олтургузганда калпыстык кетип жатабы? Бул тууралуу Абдымамбет Сариев социалдык тармакта маселе көтөрүп чыгып, талкууга алынды.

 --Токтогулдагы Кызыл-Туулук Бапай мени көрө сала эле минтип кыйкырды: “Ой Абды, Мени атам өмүр бою балдарды отургузган. Ал баланын жыныс мүчөсүнүн эки жагына эки чийди коюп, байлап баланы алаксытып туруп чырпып эле таштоочу.

Азыркы бала отургузгандар жыныс мүчөнүн кан толо турган терисинен запас эч нерсе калтырбай жип менен тегерете байлап туруп, кыркып-жонуп, балдарды инвалид кылып жатышат. Неберелеримдин кесилген чочокторун көрүп жүрөгүм түштү. Кыргыздар антип отургузбайт.

Эгерде мындай абал улана берсе эркектер эч нерсеге жарабай кыргыздын аялдары башка улуттарга тийип кетип, кыргыз акырындап жок болот. Сен жазып жүрөсүң, башка жакта билбейм? Бизде абал ушундай. Ушул айтканды Саламаттыкты сактоо министрине жетирбейсиңби!” деди.

Мен “макул Бапай, интернетке салайын министр Бейшеналиевге жетип калаар?” дедим! Силер кандай дейсиңер, Кызыл-Туулук Бапайдын айтканын түшүндүңөрбү? - деп маселени кабыргасынан койгон Абдымамбет Сариев.

Билинбеген, бирок маанилүү маселеге талкууга алынды.

Сымбат Рысмендеева: -Туура сөзүнө кошулам! Токтотуш керек! Кыргызча эле ырымдалуусу керек, Бапа аба айткандай келечекте кыргыз эркектер оорулуу болуп калаарына шек жок. Мага өз атам эле уулдарым төрөлгөндө эле мээме кыт куйгандай куйган...улуу сөздө уят жок балам деп туруп кыргызча ырымдын тазалыгын, пайдасын жана азыркы өзгөчө акыркы беш жылдан берки "моданын" зыянын түшүндүрүп берген.

Уулдарынды келечекте мунжу кылбайын десең, тукумуң улансын десең кыргызча эле ырымдат деген. Мен ошону кармандым, ырымдалган бала кечке жетпей эле чуркап ойноп кетет. Жарасы бат бүтөт. Уулдарымдын алды 9 да, аркасы 6 да... Ушул күнгө чейин оорушкан жок жукачурайынан. Кудайга шүгүр. Айта кетчү нерсе теңтуштарыбыздан 3,4 сү балдарын "жаңыча" бири чала молдолорго, бириси эмканага ырымдатышткан, байкуш балапандар 2-3 жума кыйналышканын көргөнбүз.

Иммунитеттери да алсыз, кыш, жаз, күз кулак, мурундарынан ириң, көк суу кетпей ооруп чыгышат. Алды больницага жатышмай... Ичимден ойлоп коём себеби жанагы жаңыча ырымда окшойт деп. Анткени совпадения көп болбойт да.

Гулзина Озубекова: -Илгерки Аталарыбыз акырын эле чырпып койгон азыркыларды көрсөң жүрөгүң ооруйт анчалыка барбагыла, майда тамырлары кесилип калат, менин атам балдарды отургузган, акырын эле кесип койчу. Эртеси чуркап кетчи балдар.

Айтбубу Орунтаева: -Буга мен да кошулам, неберелеримди азыркы жол менен отургузуп жатышат, карай албай аяп жүрдүм. Өз балдарымды иним, дагы бир ошого жөндөмдүү кишиге отургузулган элек, баары үйлөнгөн, балдары бар, үй-бүлөсү бактылуу. Эми неберелер үйлөнсө кантет билбейм. Кыргызча эле эркек бала отургузган жагат эле.  Дарыгерлер менен хирургдар ушуну эске алышса...

Atlant Mogikan: -Кеп азыр. Кайсынысы ден-соолукка пайдалуу ушуну аныктап алуу керек... Ооруган же оорубаганы тез айыгып кеткени же кетпегени чепуха... Келечектеги тукумдуу болушуна кайсынысы пайдалуу же зыяндуу. Бул боюнча атайын адистер чогулуп илимий талкуу кылып жыйынтыкка келиш керек.

Маселен азыр дээрлик көп врачтар адис болуп алышкан, “алып кел, кой оорутпай эле кесип салабыз, бир жумага жетпей жакшы болуп калат”, деп жалаңдап турушат. Лазер менен кесип жатышат, балким бул да зыяндуудур...

Ал эми, кыргызча ырымдашкандардын баары эле туура кесишпейт экен. Кээ бир тааныштарым, кыргызча ырымдатышып анан бир канча жылдан соң врачка кестиргендери бар...

Демек бул багытта маселе көп....

Гүлмира Конушбаева: -Кудай берген мүчөнү кескилеген да туура эмес. Вообще эле отургузган дагы туура эмес, – дейт социалдык тармактын колдонуучусу.

Ал эми, рак илдетин сакайткан элдик дарыгер Тургун ата Жангозуев эркектердин жан жерин кесүү болбойт дейт.

Төмөнкү тасмадан толугу менен көрө аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости