www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик кызматкерлер ыйгарым укуктарын пайдаланып шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүүгө аракет кылганы билинсе, иштен кетирилип, атургай кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын биринчи отурумунда айтылды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлагандай, алгачкы кеңешмеге Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов төрагалык кылды. Иманкулов Республикалык штабдын негизги тапшырмасы парламенттик шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүү экенин айтты.

Ошондой эле ал шайлоочулардын добушун массалык түрдө сатып алуу жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо бир нече жолу элдик толкундоолорго алып келгенин эске салды.

«Мамлекеттик кызматкерлер өз ыйгарым укуктарын добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү үчүн пайдаланса, ээлеген кызматынан бошотулат. Ал эми аракеттеринде кылмыштын курамы болсо – кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Шайлоодо мугалим, дарыгер, социалдык кызматкерлер жана квартал башчыларын пайдаланган фактылар аныкталса, катуу чаралар көрүлөт», - деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Бул ирет аралаш система менен өтөт. 75 партия жарышка катышуу ниетин билдирген.

Учурда бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлердин арызы кабыл алынууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости